09 июнь 2026
Кароолор: 7
Баткен облусунун инвестициялык портфелин түзүүчү долбоорлор талкууланды
Баткен облусунун инвестициялык портфелин түзүүчү долбоорлор талкууланды
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна иш сапары менен келди.
Иш сапардын алкагында ал Баткен облусунун региондук инвестициялык портфелин иштеп чыгуу боюнча жыйынга катышты.
Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө өлкө боюнча учурда 158 долбоор каралып чыкканын белгилеп, алардын айыл чарба, курулуш, туризм, электр энергиясынын тартыштыгын жоюу жана өндүрүштү өнүктүрүү багыттарын камтый турганын айтты. Ошондой эле топтолгон долбоорлор кичи, орто жана ири болуп үч категорияга бөлүнөрүн жана алар банктарга, фонддорго жана инвесторлорго сунушталарын билдирди.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары — акимдер жана шаар мэрлери катышып, өз аймактары боюнча даярдалган долбоорлорду презентациялашты.
Облус башчысы «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү долбоору тууралуу маалымат берди. Тактап айтканда, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын чек ара тилкесинде жайгаша турган «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркын түзүү долбоорунун башкы планы иштелип чыккан.
Жалпы аянты 100 гектарды түзгөн бул ири комплекс аймактык интеграцияны бекемдөөгө, чек ара кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга жана региондун экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошууга багытталган.
Долбоордун негизги максаты — үч мамлекеттин ортосундагы биримдикти, кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, соода-логистикалык байланыштарды күчөтүү жана эл аралык инвестицияларды тартуу аркылуу жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан өлкө боюнча инвестициялык долбоорлорду системалаштыруу, сапаттуу инвестициялык портфель түзүү жана ар бир аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлган.
Бул тапшырманын алкагында райондук мамлекеттик администрациялар жана шаардык мэриялар тарабынан инвестициялык долбоорлор даярдалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондуна жөнөтүлгөн.
Иш-чаранын негизги максаты — реалдуу ишке ашырыла турган, экономикалык жактан негизделген жана региондордун туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турган инвестициялык демилгелердин сапаттуу жана натыйжалуу портфелин калыптандыруу.
Бүгүнкү жыйында сунушталган долбоорлор ар тараптуу жана кылдат талдоодон өткөрүлүп, алардын экономикалык натыйжалуулугу, ишке ашырылуу мүмкүнчүлүгү жана аймактык өнүгүүгө тийгизген таасири боюнча тиешелүү сунуштар менен пикирлер айтылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы